Азербайжан Республикасынын Президентинин мамлекеттик сапары учурунда ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

ИИМ: Азербайжан Республикасынын Президентинин мамлекеттик сапары учурунда ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

2022-жылдын 11-12-октябрь күндөрү Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапары күтүлүүдө.


Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту жана тартипти талаптагыдай деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.


Учурда коопсуздукту жана коомдук тартипти талаптагыдай камсыздоо максатында Ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө иштери жүргүзүлүп, ага ылайык 4 миңден ашык милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тартылат.
Расмий иш-чаралар учурунда милиция коопсуздукту жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун толук камсыздайт жана ички иштер органдарынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт.

ИИМдин Басма сөз кызматы