Токтонасыровду милиция алып кетти

Бишкектеги Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында акцияга чыккан жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду милиция алып кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Маалыматка ылайык, аны Биринчи май РИИБине алып кетишкен.

Өндүрүш Токтонасыров жана дагы бир жаран болуп бүгүн, 7-октябрда Орусия элчилигинин алдына согушка каршы деген акцияга чыгышкан.