Бала бакча курам деген жарандарга өкмөт жер, насыя бөлүп берет 

Бала бакча курам деген жарандарга өкмөт жер бөлүп берет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 6-октябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бала бакча ачууну пландаган ишкерлер мамлекет тарабынан колдоого алынат.

“Эгерде бала бакча курам деген жарандын жери бар болсо, анда бала бакча курууга насыя беребиз. Насыя пайызы жок берилет ”, — деди ал.

Жыйында “Билим берүү жөнүндөгү” жаңы мыйзамынын долбоору боюнча сөз болуп, анда билим берүү системасын реформалоо зарылдыгы айтылган.