Депутаттар дайындоого сунушталып жаткан төрт талапкерди кароодон баш тартышты

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Министрлер кабинетинин төрт мүчөсүн дайындоого сунушталып жаткан талапкерлерди кароодон баш тартышты.

Жыйын учурунда айрым депутаттар сунушталып жаткан талапкерлерди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзү келип тааныштыруу талабын айтышты.

«Министрлер кабинетинин төрагасы анын орун басарлары бар. Ошолор келип тааныштырыш керек болчу. Акылбек Үсөнбекович өзү келип тааныштырсын, министрлер үчүн өкмөт башчы жооп берет. Депутаттар талапкерлерге суроолорун берет, бүгүн өзү келеби вицелер келеби, келип талапкерлер менен чоогу жооп берсин», — деди депутат Акылбек Түмөнбаев.

Ал эми вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев депутат Түмөнбаевдин сунушун добушка койду.

«Бүгүн талапкерлерди карабайбыз десек анда Акылбек Түмөнбаевдин сунушун добушка коюп чечим кабыл алалы. Карабасак эмкиге жылдыралы, эмки отурумга келишсин, же Министрлер кабинетинин төрагасынын келишин күтүп туралы», — деди вице-спикер.

Ал арада сөз алган президенттин ЖКдагы өкүлү Алмасбек Абытов депутаттарга кайрылып, тийиштүү буйрукка президент кол койгонун жана талапкерлерди тааныштыруу укугун ага кат менен ыйгарганын айтты.

Андан соң жыйында кайым айтыш чыгып, вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев президент менен өкмөттүн өкүлү Алмасбек Абытов уруксатсыз сүйлөгөнүн сынга алды.