Кемпир-Абад тууралуу чечимге айрым айылдык депутаттар каршы болуп жатат, – Мадумаров

Бүгүн ЖК жыйыны учуруна депутат Адахан Мадумаров Өзгөндө Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу бийликтин чечимине айылдык кеңештин айрым депутаттары каршы болуп жатканын билдирди.

Мадумаровдун айтымында айылдык кеңештердин чечими керектигин, коркутуу болуп жатканын айтып, бийликтен түшүндүрмө талап кылды.

«Өзгөндө спектакль өңдүү жолугушуу болду окшойт. Мен ошол жерден айылдык кеңештердин депутаттарынын чечими керек деп талап кылдым эле. Ушул убакытка алган маалыматка караганда, эки айылдык кеңеште ошол жыйынга катышкан депутаттар толугу менен каршы добуш бериптир.

Элдин нааразылыгы күчөп, өздөрүнүн иш-чараларын өткөрүп жатса түнкү саат 1лерде боз үйлөрдү күч колдонуу менен жыйнап, жакшы эмес иш-аракеттер болуптур. Өзгөндөгү кырдаал боюнча ким түшүндүрмө берет? Абал курчуп кете электе ушул жерге келип маалымат берип коюшун талап кылам», — деди Мадумаров.