Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотуна жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясына жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады. Бул катта Теңгиз Бөлтүрүктүн акыркы эки жылдагы ишмердүүлүгүнүн айрым жагдайлары ачыкка чыкты.

Эске салсак, бүгүн, 3-октябрда Бишкек шаардык соту мурунку инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган. Андыктан Теңгиз Бөлтүрүк ушул жылдын 10-ноябрына чейин камакта болот.

«Мен Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 2020-жылдын октябрь айында Кумтөрдү элибизге кайтарып берүүгө жана кырдаал толук турукташканга чейин аны жетектөөгө жардам берүү үчүн мекениме кайтып келгем. Садыр Нургожоевич, Акылбек Узакбаевич жана мен үчөөбүз чоң көлөмдөгү жана түйшүктүү иштерди жасап, эч кандай улутташтырбай туруп, мыйзамдуу түрдө Кумтөрдүн акцияларын 100% Кыргызстанга кайтарып бердик.

Мен башталышынан жана акыркы 2022-жылдын 2-августуна чейин, КГКнын 100% акциясын өткөрүп бергенге дейре, мен Центерра менен сүйлөшүүлөрдүн бардык процесстерин координациялап, катышып, президенттин тапшырмасын жана жарандык, адамдык милдетимди, «Центерра» мени «Кумтөр Голд Компанинин» (КГК) жетекчилигинен кандайдыр бир жол менен четтетүү үчүн Онтарио провинциясында сотко бергенине карабай аткардым. Соттун чечимин аткарып, 2021-жылдын июнь айында «Кумтөрдүн» жетекчилигин убактылуу жетектөөдөн баш тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө арыз менен кайрылгам.

Бирок Улукбек Марипов кол койгон министрлер кабинетинин токтому менен, мен Кыргыз Республикасынын жараны катары муну аткарып, Кумтөрдү башкарууну улантууга милдеттенгем. Мен 35 жылдык таза бизнес репутациямды тобокелге салып, КГКны жетектеп жүрдүм. Онтарио соту алардын чечимин аткарбаганым үчүн мага 310 миң доллар айып салды жана бул сот процесси дагы деле уланууда. Азыр мени кыргыз соту соттоп жатат. Алар мени саясий фигура кылгылары келет.

«Кумтөрдү» башкаруунун жүрүшүндө 2021-жылдын 17-майынан 2022-жылдын 13-августуна чейин «Кумтөрдө» техникалык жана экологиялык көйгөйлөрдү четтетүү жана өндүрүштүн чыгымдарын олуттуу түрдө кыскартуу боюнча эбегейсиз иштер аткарылды. Ондогон коррупциялык келишимдер бузулуп, күйүүчү-майлоочу майларды жана башка материалдарды уурдоо токтотулган. 2021-жылдын 7,5 айында эле биз чыгымдарыбызды 104 миллион долларга же 16,1% кыскарта алдык. Бул кыска убакыттын ичинде кандайдыр бир компания үчүн дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүч. «Кумтөрдүн» бардык финансылык жыйынтыктары Ernst & Young эл аралык компаниясынын аудити аркылуу текшерилген жана 100% тастыкталган. Алар эч кандай каржылык мыйзам бузууларды табышкан жок. Толук аудитордук корутунду август айында министрлер кабинетине берилген.

Балдарым менен жубайымдын баары былтыр Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Азыр үч балам Бишкектин мектептеринде окушат. Келинчегим кош бойлуу, учурда үй кожойкеси. Оппозиция жана мен Кумтөрдөгү коррупциялык иштерине бөгөт койгондор канчалык каалашпасын, мен да, менин үй-бүлөм да өз жерибизди таштап кетпейбиз. Мен өзүмдүн, үй-бүлөмдүн өмүрүн тобокелге салам. Алар мени эки жылдан бери коркутуп-үркүтүүгө аракет кылып жатышат, бирок мен президентибиздин жана министрлер кабинетинин учурдагы реформаларын колдоодон кайтпайм жана өлкөгө жаңы долбоорлорду ишке ашырууга жана олуттуу инвестицияларды тартууга мындан ары да жардам берүүгө даярмын.

Мен Кыргызстандын жараны катары бул кырдаалда адилеттүү чечимге ишенем. Муну Кыргызстан эле эмес, дүйнөлүк басма сөз да ээрчийт. 

Жогорудагы бардык жагдайларды эске алып, тергөө учурунда мени үй камагына чыгарууну суранам. Тергөө менен мындан ары да жигердүү кызматташууга даярмын», – деп айтылат катта.

2022 10 03 21 46 37 661507 Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотуна жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады
2022 10 03 21 46 38 828989 Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотуна жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады
2022 10 03 21 46 39 383646 Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотуна жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады
2022 10 03 21 46 40 869795 Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Бишкек шаардык сотуна жазган катын күйөөсүнүн расмий баракчасына жарыялады