Ижара акыларды жогорулаткандар суукта балдары менен эшикке чыгарып салууда, – Бишкектин тургуну

Бишкекте батир элери ижара акыны кескин түрдө кымбаттатып жаткан учуру. Өзүнүн фейсбук баракчасына Ormon Hayyam аталган маселе тууралуу мындай билдирүү жасады:

“Келишим же төлөгөн квитанциялар болсо сотко кайрылса болот деп ойлойм.
Мисалы башка өлкөлөрдө, чыгарганга укугу жок, милиция менен келсе дагы. Сот чечмейинче.
Юристтер барбы? Ушундайда эмне кылса болот? Өжөрлөнүп чыкпай жатып алса болобу? (Мисалы башка өлкөлөрдө болот)
Суукта бала чакасы менен чыгарып ийип жаткандар окуялар көп экен.
(Анан жанакы өзүнүн чекесинин тери менен тапкан да, кааласа кымбаттатат дегендерге:
Өзүнүн чекесинин тери менен тапкан адамдар учурдан пайдаланып бирөөнүн чөнтөгүнө кол салбайт.)”, – деп жазган.

Учурда бийлик дагы, өкмөт дагы буга кандай чара колдонуларын таппай жаткандай. Салык кызматы бир эле ижара бергендердин тизмесин түзүүгө чакырып, ижарага турак жайын бергендерге салык төлөтө тургандыгын маалымдады. Башка органдар бул маселе тууралуу үн каткан жок. Кышкы сезон убагында батирден куулуп жаткандар да арбыды.

Эске салсак, Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келгендердин саны кескин көбөйгөндүктөн, ижара ээлери акыны эки эсе көбөйтүшкөн. Мейманканаларда орун калган эмес.

Учурда Москва-Тамчы-Москва багыты боюнча аба каттамдар күн сайын, башкача айтканда, жумасына 7 жолу аткарылууда.