Таалайбек Ибраевдин талапкерлигин тармактык комитет жактырды

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин депутаттары бүгүн, 4-октябрдагы көчмө жыйынында энергетика министринин кызмат ордуна Ибраев Таалайбек Өмүкеевичтин талапкерлигин карады.

Талапкерди президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Өз кезегинде Т. Ибраев депутаттарды өзүнүн платформасы менен тааныштырып, жылытуу мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө болгон күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.

Комитет мүчөлөрү Ибраевдин алдында калкты жана экономиканын тармактарын электр жана жылуулук энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча маанилүү милдеттер турганын айтышты.

Комитет төрагасы Азизбек Турсунбаев жаңы министр учурдагы милдеттерден тышкары электр жабдууларын модернизациялоо жана жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушу керектигин баса белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү энергетика министри кызматына Таалайбек Ибраевдин талапкерлигин жактырып, ага ийгиликтерди каалашты.

Эске салсак, 3-октябрда президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, ал энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.