“Манас” аэропорту 49 жылга ижарага берилбейт, — Бакиров

“Манас” аба майданы 49 жылга ижарага берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламентте  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Мирлан Бакиров 4-октябрдагы парламенттин тармактык комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып, аба майдандарга байланыштуу сунуштар түшүп жатканын кошумчалады.

«Ошол эле учурда башка компаниялардан инвестициялык сунуштар түшүүдөБүгүнкү күндө ТүркияданБириккен Араб Эмиратынан жана Орусиядан сунуштар барЖумушчу топ ар бир сунушту карапанан өз чечимин жарыялайт», — дейт ал.  

Икрамов бул маселени көзөмөлгө алуу керектигин, анткени аба майдандар жеке колго өтүп кетсе, анда алар авиабилеттин баасын өздөрү белгилей турганын айтты.

«Бизге стратегиялык объектилер калабы? Эртең жеке соодагерлерге берсек учуп кетебизА эгер бизди жактырбайбыз деп киргизбей коюшсаэмне кылабыз деди Икрамов.