Караколдо Кыргызстанда алгачкы таштандыны кайра иштетүүчү завод курулат

Бүгүн, 4-октябрда Караколдо шаар мэри Эрмат Джумаев менен Белоруссиялык “Сифония Экотехника” аттуу жеке компаниянын ортосунда “Кыргызстанда эң биринчи жолу Каракол шаарында таштанды кайра куруучу завод куруу” боюнча келишимине кол койулду.

Бул тууралу Каракол шаарынын мэри Эрмат Джумаев билдирди.

«Биз тараптан Каракол “Өсүү Чекити” деген долбоор даярдалган, ошонун негизинде Президентибиз Садыр Нуркожоевич Жапаров тарабынан колдоо таап, республикалык бюджеттен акча-каражаты бөлүнгөн.

Долбоордун финансылык маселеси чечилгенден кийин, быйыл таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга мамлекет тарабынан 135 миллион сомго тендер жарыяланган, бүгүнкү күндө тендерди 111 миллион сомго Белоруссиялык “Сифония Экотехника” компаниясы утуп алды.

Тендер баардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 миллион сом заводту курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод тура турчу жерге ангар жана башка жумуштар аткарылмакчы», — деп билдирди Джумаев.