«Кыргызалтындын» төрагасынын орун басары кызматтан кетти

“Кыргызалтын” башкармалыгынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Турдукожоев өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.

Башкармалыктын курамынан чыгуу жана ээлеген кызматынан бошотуу боюнча акыркы чечимди директорлор кеңеши 30-сентябрдагы жыйында кабыл алды.

Буга чейин, 27-сентябрда акционерлердин кезексиз жалпы жыйынында директорлор кеңешинин жаңы төрагасы Сүйөркул Бакиров шайланган.

Сентябрдын башында ишканада башкармалыктын төрагасы да алмашкан. Элдияр Калдарбеков “Кыргызалтын” ишканасынын жаңы жетекчиси болду.