Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду

Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында кар жаап жаткандыктан оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, жол тыгындарын алдын алуу максатында саат 21:00дөн тарта Бишкек-Ош унаа жолунун 271-чакырымында (Арал посту) оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө чек коюлду.

Ошол эле учурда жеңил унаалар тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Алыс жолго аттанган айдоочулар жолдун ачылышы тууралуу маалыматты «112» номеринен билсе болот.

too ashuu Ала-Бел жана Төө-Ашуу ашууларында оор жүк ташуучу унааларга чек коюлду