Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран кармалды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына К аттуу жаран эки облуста баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат түшкөн.

WhatsApp Image 2022 10 03 at 14.15.02 Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран кармалды

Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда Ысык-Көл районунун Булан-Соготту айылында Нарын облусунун Чаек районунун Жаңы-Арык айылынын 1978-жылы туулган К.К. аттуу тургуну башкарып бара жаткан «Мазда-323» унаасы токтотулуп, багажынан төрт баштык баңгизат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган заттын салмагы 20 кг 218 гр. түзгөн “марихуана” баңгизат каражаты болгон.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

WhatsApp Image 2022 10 03 at 14.15.02 2 Ысык-Көл облусунда ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран кармалды