Руслан Бекназаров камакта калтырылды

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаардык сотунда саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаровдун баш коргоо чарасын тандоо боюнча соттук отурум өттү.

Жактоочулар биринчи инстанциянын чечимине нааразы болуп, Бекназаровду үй камагына чыгарууну талап кылышты. Бирок судьялар жактоочунун өтүнүчүн канааттандырбай, аны камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Ал эми бул чечимди Азимбек Бекназаров соттор жогорку жактын тапшырмасын аткарып жатат деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган. Мекменин расмий билдирүүсүндө суракка гана чакыртылганын айткан. Аталган орган кийинчерээк, сурактан кийин анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.