Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран карамалды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

«КАНАЛ-НЕМАН» эл аралык баңгизаттарга каршы операциянын алкагында КР ИИМдин БМЖКККнын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгына М.Ш. аттуу жаран Ысык-Көл аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенип жүрөт деген маалымат келип түшкөн.
Аталган факт боюнча Жети-Өгүз РИИБ тарабынан КР КЖКнын 283-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

WhatsApp Image 2022 09 30 at 15.01.53 1 Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран карамалды


Жети-Өгүз райондорунун Барскоон айылында кызматкерлер тарабынан атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда 1988-ж.т. М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы «Хонда СРВ» автоунаасы токтотулган.


Аталган унаада айдоочунун отургучунун алдында ичинде баңгизат каражаты салынган 60 ширеңке кутучасы табылып алынган.
Соттук-химиялык экспертизанын кортундусуна ылайык, алынган зат салмагы 640 гр түзгөн “гашиш” баңгизат каражаты болгон.
Азыркы учурда кармалган адам Каракол шаарынын тергөө изоляторуна киргизилген.

WhatsApp Image 2022 09 30 at 15.01.54 Ысык-Көлдө ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуучу жаран карамалды
YouTube video

ИИМдин Басма сөз кызматы