Бүгүн министр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралат

Бүгүн, 30-сентябрда Биринчи май райондук сотунда билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу анын жардамчысы Илгиз Султан билдирди.

Ал соттук отурум болжол менен саат 18:00дө башталары айтылганын белгиледи. Ошол эле учурда Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы Бейшеналиевдин баш коргоо чарасын кароо үчүн материалдар сотко келе электигин билдирди.