Садыр Жапаровдун карындашы Перизат Жапарова президенттик администрацияда иштеп жатат

Президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун кызы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштөөдө. Бул тууралуу иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык баракчасында билдирди.

Буга чейин Темиров негиздеген «Ютубдагы» Temirov LIVE каналы Перизат Жапарова президенттин администрациясында иштеп жатканы тууралуу чакан иликтөө чыгарган.

xscreenshot 10 1 Садыр Жапаровдун карындашы Перизат Жапарова президенттик администрацияда иштеп жатат

«Садыр Жапаровдун карындашы бир жылдан бери президенттин администрациясында иштеп жатканы ырасталды. Болжол менен ал санариптик өнүгүү боюнча бөлүм башчынын орун басары кызматында иштейт», — деп жазды ал.