Өзбекстан менен чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен чечилди, – Жапаров

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чек арадагы окуялардын натыйжасында кыйраган айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйынында айтты

Ал белгилегендей, эми бийлик кыргыз-тажик чек арасындагы 200 чакырымдык талаштуу аймактардын маселесин чечүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт.

“Кандай жол болбосун биз чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечип, калктын тынч жашоосун камсыздайбыз”, — деди Жапаров.

Ошондой эле ал буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен жыйындын протоколуна кол коюшканын эске салды.

Документ чек аранын айрым участоктору боюнча жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Кийин депутат Адахан Мадумаров “Кемпир-Абад” суу сактагычы Өзбекстанга өткөнү айтылып жатат” деп парламентте билдирген.