Таштанбеков: “Аскер офицери 20 миң сом алса, “секретутка” 40 миң сомдон ашык алганы туура эмес”

Күн сайын согушка даярдануу зарыл, эгерде андай болбошту кааласаңыз. Аскер кызматчыларынын эмгек акысын жогорулатуу зарыл, деп билдирди депутат Акбокон Таштанбеков (Ысык-Ата району) Баткен аймагына сапарынын жыйынтыктагандан кийин комментарий берген.

“Кечирим сурайм, бирок Ак үйдөгү кээ бир “секретутка” (жооптуу катчы – ред.) 40 миң сомдон ашык эмгек акы алат. Ал эми биздин аскер офицери 20 миң сом айлык алат. Бул туура эмес”, – деди ал.

Депутат 3 кесипти барктоо керектигин билдирди. Алар: ак халатчандар, мугалимдер жана аскер кызматкерлери