Абакка 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган жаран кармалды

№3- түзөтүү мекемесине тыюу салынган буюмдарды өткөрүүгө бөгөт коюлду
2022-жылдын 28-сентябрында саат 01.45 чамасында Новопокровка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын №3- түзөтүү мекемесинин кызматкерлери менен биргеликте Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын СБНОН менен Чүй облусунун ИИБнын СБНОН кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн «Канал-Неман» операциясынын жүрүшүндө мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин дагы бир жолу токтотулду.


Жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, түштүк тарабынан мекемеге скоч менен оролгон 3 таңгакты ыргытууга аракет кылган учурда Кыргыз Республикасынын жараны Ш.У.Ж кармалган.
Ал таңгактын ичинен кара жашыл түстөгү, гашишке окшош, өзгөчө жыты бар, жалпы салмагы 1 кг 70 граммды түзгөн зат болгон.


Бул факты Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, кармалган адам жана чогултулган материалдар кошумча тергөөгө өткөрүлүп берилди.