Кайсы депутаттар Баткенге барды? Жооп

Жогорку Кеңештин депутаттары Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Нурлан Ражабалиев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков Баткен облусунда жүрөт.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзүлгөн. Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Өз кезегинде эл өкүлдөрү тийиштүү министрликтер жана мекемелер менен бирге жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык иш алып барууда. Учурда Лейлек районунда Камила Талиева, Чыңгыз Ажибаев, ал эми Баткен районунда Акылбек Түмөнбаев, Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо, Акбөкөн Таштанбеков жана Нурлан Ражабалиев жүрөт.

Депутаттар Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында түзүлгөн кырдаалдан улам жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам жөнөтүү иштерине көмөк көрсөтүп, жергиликтүү тургундар менен да жолугушууларды өткөрүүдө.