“Ак шумкарлар” Орусиянын командасына жеңилип калды

Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын жолдоштук беттешинин 1-бөлүгү 1:1 эсебинде аяктады.

Орусиялык футболчулдардын дарбазасына биринчи голду Алимардон Шүкүров 22-мүнөттө киргизди.

Орусиянын курама командасы эсепти 29-мүнөттө пенальти менен теңдеди.

Оюн 24-сентябрда Бишкек убактысы менен саат 20:00дө Д. Өмүрзаков атындагы стадионунда өтүп, “Ак шумкарлар” 2:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Орусиялык футболчулдардын дарбазасына биринчи голду Алимардон Шүкүров 23-мүнөттө киргизди.

Ал эми Орусиянын курама командасы эсепти 29-мүнөттө пенальти менен теңдеди.

2-таймдын соңку мүнөттөрүндө Орусиянын футболчусу «Ак шумкарлардын» дарбазасына экинчи гол сокту. Оюн 2:1 менен жыйынтыкталды.