Курман болгон аскерлерге арналып Бишкекте баннерлер орнотулду

Курман болгон аскер кызматкерлери менен милиционердин жаркын элесине арналып Бишкекте баннерлер орнотулду

2022-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин ардагерлеринин көмөгү менен Бишкек шаарынын Малдыбаев-Ахунбаев, Тыналиев-Ахунбаев, Киев – Байтик Баатыр жана Чүй-Кулиев проспектилеринин кесилишинде жайгашкан билборддорго Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу чыр-чатактан улам курман болушкан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин аскер кызматкерлери: улук сержант Каныбек уулу Дурустун, кенже сержант Манас Баатырбековдун, улук сержант Акылбек Ташбековдин, катардагы жоокер Айбек Абдилабековичтин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын ага сержанты Мыктыбек Мурзажановдун жаркын элестерине арналган баннерлер орнотулду.

WhatsApp Image 2022 09 25 at 08.43.54 Курман болгон аскерлерге арналып Бишкекте баннерлер орнотулду


Ушул сыяктуу ар бир окуя эрдиктин жана Аскердик антка берилгендиктин белгиси болуп эсептелет. Аскер кызматкерлери менен милиция кызматкерлери Ата Мекенди коргоо өзгөчө милдет экенин тереңден түшүнүү менен бул куралдуу кол салууга каршы киришти. Анткени, алар үчүн “Эрдик” деген жөн эле сөз эмес, күнүмдүк реалдуулук. Аларды өлкөбүздүн ар бир жараны таануга татыктуу.

WhatsApp Image 2022 09 25 at 08.43.53 2 Курман болгон аскерлерге арналып Бишкекте баннерлер орнотулду
WhatsApp Image 2022 09 25 at 08.43.53 1 Курман болгон аскерлерге арналып Бишкекте баннерлер орнотулду

ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы