Куран. Дүйнөлүк жарышта 5 млн. сом утуп алган кыргыз жигити менен маек

Ушул жылдын 22-сентябрында Сауд Аравия Падышалыгында Бүткүл дүйнөлүк Куран окуу жана Куран тафсири боюнча конкурс болуп өттү.

Мекке шаарында өткөрүлгөн жарышка дүйнөнүн 111 мамлекетинен 153 конкурсант катышты. Кыргызстандын атынан жалгыз барып катышкан Мухаммадали Умаров жеңүүчү болуп, 250 миң риал (5 млн 500 миң сом) утуп алды. Муфтият кыргыз жигити менен болгон маекти жарыялады.

xmumarov6.jpeg.pagespeed.ic.wRofoaM Dq Куран. Дүйнөлүк жарышта 5 млн. сом утуп алган кыргыз жигити менен маек
xumarov 2.jpeg.pagespeed.ic.JVn5i69Y8P Куран. Дүйнөлүк жарышта 5 млн. сом утуп алган кыргыз жигити менен маек
xumarov Куран. Дүйнөлүк жарышта 5 млн. сом утуп алган кыргыз жигити менен маек

— Жарыштан жеңип чыкканда кандай сезимдер болду. Жеңем деп ойлодуңуз беле?

— Чынын айтсам күтүүсүз болду. Аябай кубандым. Алла Таала ошол жеңишти ыраа көрүп, насип кылды деп сүйүндүм. Алла Таала дубаларыбызды кабыл кылганы өтө толкундантты.

— Куранды кайсыл жерде жаттагансыз?

— Аламүдүн районуна караштуу Лубяное айылында жайгашкан «аль-Аксаа» медресесинде жаттаганмын.

— Куранды канча жашыңызда жаттап бүткөнсүз? Устазыңыз ким?

— 11 жашымда жаттап бүткөм. Алгачкы устазым атам. Атам жана анын шакирттеринин колунда окудум.

— Өтө сонун!Атаңыз жөнүндө сөз болуп калдыАта-энеңиз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Атам Умаров Абдуманан, апам Пирмухммадова Фатима. Атам айылда чакан медресе түптөп, көп жылдан бери балдарга Курандан сабак берип келет. Ал эми апам болсо үй кожойкеси. Үйдөгү иштерден сырткары медреседеги балдарга да каралашып, тамак-ашын жасайт.

— Билишимче Сауд Аравияга окууга өтүпсүз.

— Ооба, Медина шаарындагы Ислам университетине бюджеттик негизде окууга өттүм.

— Окууну бүткөндөн кийинки максатыңыз кандай?

— Кудай насип кылса окууну бүткөндөн кийин элибизге кайтып келип, үйрөнгөн нерселеримди башкалар менен бөлүшүп, элге кызмат кылсам деген ниеттемин. Айрыкча ата жолун жолдоп, жаш балдарды окутсам дейм.

— Кыргызстандын Сауд Аравиядагы элчиси Улукбек Марипов менен жолугупсуздар. Жолугуу кандай өттү?

— Жолугушуу жакшы болду. Элчибиз аябай кичипейил, ыймандуу, жөнөкөй инсан экен. Улук башын кичик кылып, бизди өзү тосуп алып, мына азыр өзү узатып жатат. Аябай жакшы сый көргөздү.

— Эми башка өңүттөгү суроого өтсөк. Эгер сыр болбосо, 250 000 риалды эмнеге жумшайын деп жатасыз?

— Бул сыр боюнча эле калсынчы.

Куран. Дүйнөлүк жарышта 5 млн. сом утуп алган кыргыз жигити менен маек

Мухаммедали тууралуу фактылар:

— Мухаммедали Умаров 1998-жылы Аламүдүн районунун Октябрь айылында төрөлгөн.

— Ал 4 жашынан баштап Куран жаттап баштаган. Ал эми 11 жашында Куранды толук жаттап бүткөн.

— Анын Куран жаттап калышына ата-энеси себепчи болгон. Алгач Куранды атасы үйрөткөн.

— Мухаммедали Умаров былтыр Иран мамлекети уюштурган Дүйнөлүк Куран жарышында 3-орунду ээлеген.

— Учурда ал Медина шаарындагы Ислам университетинин 1-курсунун студенти.