Баткендеги Интернационал айылындагы талкаланган имараттар, – Сүрөттөр, видео

Баткендеги Интернационал айылындагы көрүнүштүн абалы менен дипломаттар, элчилер жана журналисттер таанышууда.

Айылдагы базар, дарыкана пунку, банк толугу менен күйгөн. алгач тажик тарап марадерчулук кылып, андан кийин өрттөп салышкан. Жеринде журналист Семетей Аманбеков видео жиберген.

 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

IMG 20220922 WA0000 Баткендеги Интернационал айылындагы талкаланган имараттар, - Сүрөттөр, видео
IMG 20220922 WA0002 1 Баткендеги Интернационал айылындагы талкаланган имараттар, - Сүрөттөр, видео
IMG 20220922 WA0008 Баткендеги Интернационал айылындагы талкаланган имараттар, - Сүрөттөр, видео
IMG 20220922 WA0007 Баткендеги Интернационал айылындагы талкаланган имараттар, - Сүрөттөр, видео