Туйгунаалы Абдраимовду сот 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди

Сот БШКнын мурдагы жетекчиси Туйгунаалы Абдраимов 2 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Туйгунаалы Абдраимов КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.

Абдраимов «БШКны жетектеп турган учурда Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин мажбурлап, 11,2 гектар таштанды талаасын өзүнө таандык «Кайнар» ишканасынын карамагына бекер өткөрүп алган» деп айыпталган.

Ага каршы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча кылмыш иши козголуп, 30-апрелде кармалган. Сот чечими менен 30-июнга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөө абагына камалган.

Мамлекетке келтирилген чыгымды төлөп, кийин Абдраимов үй камагына чыгарылганы маалымдалган.