380 баткендикке жардам көрсөтүлдү

2022-жылдын 20-сентябрында Баткен облусунун 380ге жакын тургуну штабга кайрылышты.

Ташдөбө айылындагы КММАнын жатаканасына 145 адам, №1 б жатаканасына 30 адам, жардам көрсөтүү каалоосун билдирген ыктыярчылар тарабынан 150 адам жайгаштырылды.

Баарына психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Алар ысык тамак жана суусундуктар менен камсыз кылынды.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык кайрымдуу жарандарга, ошондой эле Баткен облусунун жарандарын жайгаштырууга көмөктөшкөн ыктыярчыларга чексиз ыраазычылыгын билдирет.