Баткендик балдар мектепке жайгаштырылды

Свердлов районунда Баткен облусунан чыгып кеткен 19 адам “Достук” мейманканасында убактылуу жашайт.

Свердлов райондук администрациясы жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн эки баласын №10 мектепке убактылуу жайгаштыруу менен колдоого алды.

Бүгүнкү күндө балдар сабакка катышып жатышат.

Бишкек шаарынын мэриясы бардык кайрымдуу жарандарга, ошондой эле Баткен облусунун жарандарын жайгаштырууга көмөктөшкөн ыктыярчыларга чексиз ыраазычылыгын билдирет.