Балбак Түлөбаев: “Кыргызстанда өтө турган ЖККУ машыгууларына Тажикстандын аскерлери келбесин”

Бүгүн, 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Кыргызстанда өтө турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун машыгууларына Тажикстандын аскерлеринин келбешин талап кылды.

Ал жыйында Тажикстандын президенти менен коргоо министрине кайрылып, Кыргызстанга аскерлерин жөнөтпөшү керектигин эскертти.

«Тажикстан президенти менен коргоо министрине кайрылам, мындан ары жоокерлериңерди Кыргызстанга окуу-машыгууга жөнөтпөгүлө. Тажикстандын аскерлери бизге окуу-машыгууга такыр келбесин. Октябрда болот экен. Биз аларды күткөн жокпуз. Келсе бул жакта чатак чыгат. Экинчи Тажикстандын аскерлери Кыргызстандын аймагына кирбесин. Биздин аскерлер да ЖККУ боюнча Тажикстанга барбасын. Кереги жок. Эл араң турат. Эгер силерде тамчыдай ар-намыс болсо, Кыргызстанга аскерлериңерди жөнөтпөгүлө», — деди ал.

Эскерте кетсек, 10-14-октябрда Кыргызстанда ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлеринин магышуулары болуп өтөт. Тажикстан да аталган уюмга мүчө болгондуктан, алардын аскерлери Кыргызстанга келет.