
Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыялангандан кийин Москва биржасынын индекси 2100 пункттан ылдый төмөндөдү. Биржа 24-февралдан бери алгачкы жолу ушундай деңгээлде соода жүргүзүүдө. РТС индекси 15-августтан бери биринчи жолу 1100 пункттан ылдыйлады.
Доллар менен евронун рублге карата курсу жогорулоодо.
Москва биржасында «Газпромдун», «Яндекстин», «Сургутнефтегаздын», «НОВАТЭКтин» акциялары терс динамика көрсөтө баштаганын адистер белгилөөдө.
Быйыл 24-февралда Орусия Украинага кол салган. Жети айдан кийин, 21-сентябрда өлкө президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Коргоо министри Сергей Шойгу резервдеги 300 миң адам аскерге жөнөтүлөрүн билдирди.
Талдоочулар мобилизация жарыялоо орус бийлиги Украинадагы согушун уттуруп жатканынын белгиси экенин айтып жатышат.