Сүйүнбек Касмамбетов акыркы окуяларда активдүүлүгүн көрсөткөн блогерлерге ызаарычылык билдирди

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларда социалдык тармакта активдүүлүгүн көрсөткөн блогерлерге ызаарычылык билдирди.

Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Касымамбетов блогерлер кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн куралдуу чыр-чатакты, баскынчылардын биздин жерибизге басып киришин туура, так, ыкчам жеткирүүдө опол тоодой эмгек кылып жатышканын белгилеген.

«Заман шартына ылайык, ок атышуу токтогондон кийин маалыматтык согуш башталды. Мына ошол маалымат айдыңындагы согушта биздин элибизге каршы фейк аккаунттар аркылуу чындыкка коошпогон маалыматтарга чыгып жатат.

Дал ушул жагдайга Атай Бейшенбек, Самат Дөөлөтбаков, Назира Айтбекова, Канышай Мамыркулова, Самара Каримова, Акимхан Рахватов, Азамат Арыков, Азамат Исмаилов, Мурат Соорбеков, Тынчтык Алтымыш уулу, Айзада Жамгырчиева, Рася, Актан, Али Токтакунов, Эдил Касенов, Адилет Ногойбаев, Растислав Ященко жана башка бир топ блогерлерибиз маалыматтык согуштун алдыңкы сабында күрөшүп жатышат.

Сөздүн күчүн эске алганыбызда, маалыматтык согушта тикесинен тик туруп, чындыкты чыркырап, белдүү, жигердүү иш алпарып жаткан бул уул-кыздарыбызга ыраазычылык билдирем. Кайратыңардан жазбай, калемиңерди улам бүлөп, эл-жерибиздин кызыкчылыгы үчүн кадамыңардан жазбагыла. Алга, кыргыздын чыныгы атуулдары!»,-деп билдирген ал.