Бишкек мэри Баткен облусунда жабыркагандардын абалы менен таанышты

Борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Баткен облусундагы мамлекеттик чек ара тилкесиндеги жаңжалда жабыркагандардын ал-акыбалын сурады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Калаа башчысы Кыргыз Республикасынын Клиникалык тез жардам ооруканасында жана Улуттук госпиталында дарыланып жаткандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

“Достук” мейманканасында убактылуу жайгашкан үй-бүлөлөр менен да баарлашып, алардын да ал-акыбалын сурады.

Борбор калаанын мэриясы бардык жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайт.