Баткенде 364 турак жай жабыркаган, – ӨКМ

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 14-17-сентябрь күндөрү куралдуу кагылышууда Баткен облусунда талкаланган турак жай, мектеп, бала бакча жана башка социалдык мекемелердин санын тактоону улантууда.

Алдын ала эсеп боюнча 364 турак жай жабыркаганын ӨКМдин куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Ырысбек Жолдошбаев 20-сентябрда журналисттерге маалымат берип жатып билдирди.

Жолдошбаевдин айтуусунда, алардын ичинен калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон имараттар толук сүрдүрүлүп, жаңыдан курулат.

14-17-сентябрдагы куралдуу кол салуудан талкаланган аймактарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. Аны Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жетектейт.