“Майыптыгы бар адамды тажиктер башка атып кетишкен”, – тургун

Баткенде куралдуу кагылышууда кеминде элүүдөй үй күйүп кеткен.

Бул тууралуу тургун билдирди. Анын айтымында, оор техникалар тартылыганына карабай, үйлөр күйүп кеткен.

“Айылда биринчи топтогу майыптыгы бар адамды үйүндө жаткан жеринен башына атып кетиптир. Бир жараныбыз көзүнөн айрылдык, дагы бир жараныбызды Аллага тапшырдык”, – деп билдирди.

Ал ошондой эле, дагы эле эл кооптонуп тургандыгын кошумчалады.