Милиция кызматкерлери Ак-Суу районунда мигранттардын балдары кандай жашап жатканын текшерүүдө

Ак-Суу РИИБдин балдар иштери боюнча инспекторлору, балдарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте мигранттардын балдары жашаган үйлөрдү кыдырууда. Кыдыруунун жүрүшүндө бул багытта өзгөртүүлөрдү киргизүү жана маалыматтык базаны толуктоо максатында мониторинг жүргүзүлүүдө.


Инспекциянын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ак-Суу районунун аймагында жайгашкан 20дан ашык калктуу конуштар текшерилип чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө 110 үй-бүлөдөн 189 баланын ата-энелери райондон, облустан жана республикадан тышкары иштегени кетишкендиги аныкталды.


«Мурда түзүлгөн тизмелер боюнча биздин кызматкерлер жана социалдык кызматкерлер мигранттардын балдарынын санын тактоо максатында райондун бардык калктуу конуштарын үймө-үй кыдырып келишүүдө. Алардын жашоо шарттары текшерилип, балдар кимдердин колунда калгандарын жана алардын тууганчылык байланыштарын такташууда. Алыскы туугандарынын, же болбосо тааныштарынын үй-бүлөөлөрүнө калтырып кеткен мигранттардын балдары да жок эмес. Мындай үй-бүлөлөргө мыйзам чегинде балдарга тийиштүү көзөмөлдүктүү алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», – деп белгилешти райондук милициядан.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 09 20 at 11.22.37 Милиция кызматкерлери Ак-Суу районунда мигранттардын балдары кандай жашап жатканын текшерүүдө
WhatsApp Image 2022 09 20 at 11.22.37 1 Милиция кызматкерлери Ак-Суу районунда мигранттардын балдары кандай жашап жатканын текшерүүдө
WhatsApp Image 2022 09 20 at 11.22.38 1 Милиция кызматкерлери Ак-Суу районунда мигранттардын балдары кандай жашап жатканын текшерүүдө