Баатырларча курман болгон Турсунбаев Эрландын сөөгү жерге берилди

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда баатырларча курман болгон Турсунбаев Эрлан Нурадиновичтин сөөгү Токтогул районунун Көтөрмө айылында жерге берилди.

Ал 1996-жылы Жайыл районунун Кара-Балта шаарында туулган.

2012-жылы Кара-Балта шаарындагы Раззаков атындагы техникалык институтунда экономика жана бухгалтерия кесиби боюнча билим алган.

2015-2019-жылдары Казакстандын Алмата шаарындагы улуттук коопсуздук комитетинин чек ара академиясын аяктаган.

2022-жылы Тамдык чек ара заставасынын башчысы болуп дайындалган.

Эрлан Турсунбаев ушул жылдын 16-сентябрында карагашалуу күнү Тамдык чек ара заставасынын өздүк курамын коопсуз жайга чыгарып, чек ара заставасынын сакчысы менен душмандарга туруштук берип калган. Алар катардагы жоокерлерди коопсуз жайга чыгарып, өзү душмандар менен атышып, баатырларча курман болду.

Эрлан Турсунбаев эрдиги менен өзүнө берилген өздүк курамды коопсуз жайга чыгарып, алардын өмүрүн сактап калды.

Эрлан Турсунбаевдин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.