Депутат Эмомали Рахмонго “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү чечимин жокко чыгарууну суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынан Эмомали Рахмонго “Бишкек шаарынын ардактуу атуулу” наамын берүү чечимин жокко чыгарууну суранды.

Мындан тышкары, ал Кара-Дарыя көчөсүнө Мекенди коргоодо баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун ысымын ыйгарууну өтүндү.

Белгилей кетсек, Тажикстандын президентине бул наам 1999-жылы ыйгарылган, анда шаардын мэри Феликс Кулов болчу.  

Сыйлык тапшыруу аземине ошол мезгилдеги президент Аскар Акаев катышкан.