Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын коргоо аракетин колдоду

Кытай Кыргызстандын көз карандысыздыгын, суверендуулугун жана аймактык бүтүндүгүн коргоо саясатын колдойт. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 73 жылдыгына арналган конференцияда билдирди.

Ал Садыр Жапаров кышкы Олимпиаданын ачылыш аземине катышканын, андан соң Кытайдын лидери Си Цзиньпин менен жолукканын эске салды.

«Биздин өлкөнүн лидерлери биргелешкен билдирүү жасап, кытай-кыргыз мамилесиндеги жаңы перспективаларды белгилешкен. Өткөн жумада Кытайдын төрагасы жана Кыргызстандын президенти Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү, анын жыйынтыгында бир катар маанилуу макулдашуулар кабыл алынды», — деди Ду Дэвэнь.

Ал учурда Кытай менен Кыргызстандын ортосунда чечиле элек саясий маселе жок экенин белгиледи.