
Бүгүн, 20-сентябрда Тажикстандын кол салуусунан каза болгон Казакбаев Данияр Алтынбековичтин сөөгү жерге берилди.
Токмок шаарынын тургуну Казакбаев Данияр Алтынбекович 1998-жылы туулган. Кыргыз Республикасынын чек ара аскерлеринин прапорщиги, Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстандын аймагына басып киргенде мекенин коргоодо баатырларча курман болгон.
Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү болчу. Ал контракттык негизде чек ара кызматында кызмат өтөп келген.