Түн тынч өттү, – Чек ара кызматы

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы 19-сентябрь, саат 08.00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 18инен 19-сентябрга караган түн тынч өттү, бирок абал дагы деле чыңалып турат.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтөт.

Ага ылайык, бул күнү өлкөдө, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын туусу ылдый түшүрүлөт. Маданий жайларда, маалымат каражаттарында оюн-зоок иш-чаралары, көңүл ачуучу берүүлөр токтотулат.

Чек арадагы соңку куралдуу кагылышта бери дегенде 59 адам мерт болуп, дагы 144 киши жараат алды. 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атады. Тажик тарапты Кыргызстандын өзүн коргоо аракетин дискредитациялоого багытталган ири масштабдагы жалган маалыматтык өнөктүк уюштурду”, – деп айыптады.