Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен облусунда абал туруктуу бойдон турат, бирок чыңалуу сакталууда. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге ыкчам өз ара аракеттенүүсү боюнча иш-аракеттерди, коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.


Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтиринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты.


Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын Ички иштер министрликтеринин 30 ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды. Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.


Баткен ОИИБдин өздүк курамы жана кошумча тартылган күчтөр коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.

WhatsApp Image 2022 09 19 at 07.02.13 1 Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө
WhatsApp Image 2022 09 19 at 07.02.13 Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө
WhatsApp Image 2022 09 19 at 07.02.06 Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө

ИИМдин Басма сөз кызматы