Баткен үчүн 26 миллион сомдон ашуун каражат чогулду

Баткен облусунун элин колдоо эсебине 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстадын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.

Бул сумма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчун ачылган атайын эсептеги каражат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү бардык аймактарда уланып жатат.

Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.

Кыргыз-тажик чек арасында 14-сентябрда башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атады. Анын алдында Тажикстан Кыргызстанды ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.