Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган, – сүрөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Маалым болгондой мектепке ок, снаряддар тийген.

«Баткен районунда окуу процессин баштай албай жатабыз. Биринчиден, жергиликтүү штабдын чечимин күтүүдөбүз. Экинчиден, 8 мектеп жана 1 бала бакча жабыркаган. Терезе, чатыр, корпустары талкаланган. Мындан улам азыр окуу процессин баштоо мүмкүн эмес. Ошондой эле мугалимдер да жабыркап, дарыланышууда», — деди ал.

acea230d 67b3 4f41 b201 1299aae9c470 Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган, - сүрөт

Анын айтымында, Баткен шаарында да окуу токтоп турат.

«Башында эл Баткен шаарына эвакуация болгон. Андан кийин ал жакка да коркунуч жаралгандыктан, ал жерден да башка жакка көчүрүлүшкөн. Лейлек районунда 40 мектепте жана 23 бала бакчада бүгүн окуу башталды. Ал эми чек арада жайгашкан 26 мектеп менен 30 бала бакчада окуу токтоп турат», — деди ал.

423eb33a bc78 43c4 8b5f b08afee3f629 Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган, - сүрөт
89dae3c2 d9da 4e62 be6b b988568a9ddc Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган, - сүрөт
689cfbd2 04a9 4ebc a545 26da9a599822 Баткен районунда 8 мектеп, 1 бала бакча жабыркаган, - сүрөт