Бүгүн, 17-сентябрь саат 9:00гө карата ооруканаларга жараат алган 103 адам жеткирилген. Алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Жабыркагандардын көбү октон же снаряддын сыныгынан жарадар болгон.
Жабырлануучулар дарыланып жаткан ооруканалар:
- Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;
- Лейлектеги жалпы дарыгерлик практика борбору — 21 жабырлануучу;
- Кулундудагы жалпы дарыгерлик практика борбору — 3 жабырлануучу,
- Сүлүктүдөгү жалпы дарыгерлик практика борбору – 6 жабырлануучу,
- Улуттук госпиталь — 20 жабырлануучу,
- Улуттук хирургия борбору – 1 жабырлануучу,
- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 6 жабырлануучу.
Эскерте кетсек, чек арадагы куралдуу кагылыштан 24 адамдын каза болгон.