Жарандарыбыз бардык облустарда куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берип жатышат

Белгилей кетсек, алар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берип жатышат.

Каалоочулар Бишкектеги жана башка бардык облустардагы кан борборлоруна барып, тапшыра алат. Жарандардын жанында паспортун же тек-жайын ырастаган башка документи болууга тийиш.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыргыз тараптан кеминде 24 адам каза таап, 87 адам жарадар болгонун Саламатык сактоо министрлиги маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кагылыштан улам коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болгондордун саны 136 миң адамга жеткенин билдирүүдө.

307046891 859268018311406 6006765503909675683 n 1024x461 1 Жарандарыбыз бардык облустарда куралдуу жаңжалда жараат алгандар үчүн кан берип жатышат