Жараат алгандардын саны 103кө жетти

Бүгүн, 17-сентябрь саат 9:00гө карата ооруканаларга жараат алган 103 адам жеткирилген. Алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Жабыркагандардын көбү октон же снаряддын сыныгынан жарадар болгон.

Жабырлануучулар дарыланып жаткан ооруканалар:

  1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;
  2. Лейлектеги жалпы дарыгерлик практика борбору — 21 жабырлануучу;
  3. Кулундудагы жалпы дарыгерлик практика борбору — 3 жабырлануучу,
  4. Сүлүктүдөгү жалпы дарыгерлик практика борбору – 6 жабырлануучу,
  5. Улуттук госпиталь — 20 жабырлануучу,
  6. Улуттук хирургия борбору – 1 жабырлануучу,
  7. Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 6 жабырлануучу.

Эскерте кетсек, чек арадагы куралдуу кагылыштан 24 адамдын каза болгон.