Тажик аскерлери Баткендин Паскы-Арык айылын миномет менен аткылаган

Бүгүн, 17-сентябрь саат 09:00го карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой мурда жетишилген макулдашууларды бузуп, тажик тарап саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткендин Паскы-Арык айылын миномет менен аткылаган. Саат 08:55те аткылоо токтогон.

Чек ара кызматы түзүлгөн кырдаалды турукташтыруу үчүн чара көрүүдө.