Жаңжалда 24 адам каза тапты

Саламаттыкты сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта жараат алгандар, мерт болгондор тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 24 адам каза таап, дагы 87 киши жарадар болду. Министрлик жараат алган беш бала Бишкекке жөнөтүлгөнүн билдирген эле.