УКМК: Тажик аскерлери кыргыз чек арачыларынын сөөгүн шылдыңдап жатышат

Макулдашууга карабастан, тажик аскерлери Кыргызстандын чек ара периметри боюнча чек ара заставаларына чабуул жасап, алардын инфраструктурасын гана эмес, социалдык объектилерди – мектептерди, бала бакчаларды, соода түйүндөрүн, фельдшердик-акушердик пункттарды, турак-жайларды да талкалап жатышат. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

«Улутчул ураандарды кыйкырып, өткөрүү пунктарында каза болгон КР чек арачыларынын сөөктөрүн мазактап, алар үгүт иштерине мындан ары пайдалануу үчүн керектүү фото жана видеого тартууда. Өздөрүнүн Кыргызстанга каршы саясатынын алкагында, фактыларды бурмалап, Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүүгө аракет кылып, алар бул сүрөттөрдү жана видеолорду өздөрүнө ыңгайлуу өңүттө колдонушу ыктымал», — деп айтылат билдирүүдө.

КР УКМК чек аранын эки тарабындагы коомчулукту стабилдүүлүккө, тынчтыкка жана бейпилдикке муктаж эки боордош элдин ортосуна келишпестик, башаламандык себүүчүлөрдү айыптап, кырдаалга кыраакылык менен баа берүүгө жана объективдүү баа берүүгө чакырат.