Атыр Абдрахматова Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү

Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Тажикстандын акыйкатчысы Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Атыр Абдрахматова Тажикстандын аскер кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдарды, куралдуу күчтөрдү, оор аскердик техниканы колдонууга жол берилбестигин баса белгилеп, тажик кесиптешине Тажикстандын аскер кызматкерлерин ок атууну токтотууга чакыруу өтүнүчү менен кайрылды.

Акыйкатчы белгилегендей, Кыргызстандын аймагындагы тынч элге, жарандык объектилерге аткылоодон аялдар, балдар жабыркап, элдин үйлөрү, социалдык инфраструктурасы өрттөлдү.

“Ошол эле учурда Тажикстандын да тынч жашап жаткан жарандардын “тирүү калкан” катары колдонулушу жалпы адам укуктарын бузууда. Кыргызстандын аймагын жана Кыргызстандын жарандарын аткылоону токтотуу максатында акыйкатчы А. Абдрахматова аткыланган аймакта эки тараптуу жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Тараптар үзгүлтүксүз байланышта болууну макулдашышты”, — деп айтылат маалыматта.